Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Муктаждарга Материалдык резерв фондунан 10 миң тонна ун берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы жардамга муктаж адамдар жана үй-бүлөлөр бекер ун менен камсыз болот. Өкмөт бул үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун чыгарганы жатканын 26-мартта билдирди.

Унду бөлүштүрүп, жеткирип берүү милдети Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлдү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун жайылышын ооздуктоо жана адам өмүрү менен ден соолугун коргоо менен катар өкмөт «калктын аялуу катмарындагылардын эч кимисин камкордуксуз калтырбай, аларды колдош үчүн бардык резервди мобилизациялай турганын» билдирди.

Ошону менен катар өкмөт башчы медицина кызматкерлерине жана муктаждарга жардам берип жаткан бизнес-коомчулукка, ыктыярчы уюмдарга ыраазычылык билдирди.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. Күндүз адамдар дүкөнгө, дарыканага жана банкка бара алат. Жумушка барчулардын уруксаты болушу зарыл.

Бишкекте ушу тапта 120 блокпост орнотулду. Шаарга сырттан кирүүгө уруксат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG