Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:48

Өкмөт кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууну жандандырууга даярданууда


«Торугарт» чек ара бекети.

Өлкөдөгү экономикалык тармак боюнча түзүлгөн республикалык ыкчам штаб кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууну жандандыруу маселесин карап, Кытай мамлекетине тийиштүү нота жөнөттү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымдады.

Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө жайларында жүк ташууну баштоо боюнча Кытай тарап менен даярдык иштерин жүргүзүүгө тапшырма берилди. Ошондой эле жүк ташуучулар менен кырдаалды эске алып, бул процесстин механизмдерин иштеп чыгыш керек.

Кыргызстанда товар экспорттоодо жеңил өнөр жайы жолго салынган тармактардын катарында. Бирок кийим-кече тигүүгө керек болгон чийки заттын 80-90% жана фурнитуранын бир топ бөлүгү Кытайдан ташылып келет. Жалаң эле жеңил өнөр жайы эмес, бир топ товарлардан импортко көз каранды Кыргызстанда Кытай менен чек аранын жабык турганынан ишкерлер жабыркады. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG