Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:25

«Шереметьево» аэропортунда жүздөй кыргызстандык мекенине уча албай турат (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.

Москванын «Шереметьево» аэропортунан жүздөн ашык жаран Кыргызстанга кете албай турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиги маалымдады. Мекеме кабарлагандай, 25-мартта элчиликтин алдындагы атайын түзүлгөн штабдын мүчөлөрү «Шереметьево» аэропортуна барып, Кыргызстанга кете албай турган мекендештер менен жолугушкан. Штаб мүчөлөрү Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилгендиктен рейстер токтотуларын айтып, чогулгандарга аэропорттун аймагында калууга болбой тургандыгын түшүндүрүшкөн. Элчилик маалыматына караганда аэропортто турган жарандардын көпчүлүгү Москва шаарына кайткан.

Бирок, «Шереметьево» аба майданынан «төрт күндөн бери уча албай жатам» деген Саибжан Кылычбек кызы аттуу жаран «Азаттыкка» кайрылып, дагы эле жүздөн ашык кыргызстандык аэропортто турганын айтууда. Ал айрым кыргызстандыктардын тамак-ашка акчасы калбай баратканын белгилеп, кыргыз өкмөтү маселени эртерээк чечип берсе деп суранды.

Элчиликтин 25-март, саат 19.00гө карата маалыматы боюнча, «Шереметьево» аба майданында Орусиядан уча албай жаткан 78 жүргүнчү, ошондой эле транзит менен келаткан Нью-Йорктон 3, Орегонадан 1, Лондондон 1, Минскиден 1, Мальдивыдан 2 кыргызстандык болгон. Элчилик маселени чечиш үчүн «Домодедово», «Шереметьево» аэропортторунда өз компетенциясынын чегинде орусиялык өнөктөштөрү, авикомпаниялардын өкүлдөрү менен бирге тиешелүү иш жүргүзүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусия 27-марттан тартып үзгүлтүксүз жана чартердик авиа каттамдардын баарын толугу менен жабаарын маалымдады. Бирок Кыргызстандын «Манас» аэропортунун сайтында жумасына бир жолу Москва-Бишкек, Москва-Ош, Новосибирск-Бишкек каттамы жүргүзүлөрү жазылып турат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG