Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:12

Жээнбеков oоган президенти менен Памирдеги кыргыздар тууралуу сүйлөштү


Ашраф Гани.

26-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин сайтты жазды.

Эки өлкө лидери чөлкөмдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөш боюнча кызматташтыкка даярдыгын билдиришти.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Ашраф Ганиге Чоң жана Кичи Памир аймагында жашаган кыргыздардын маселелерин чечүү боюнча демилгелерди колдогону үчүн алкыш айтты.

Ооганстанда саясий тирешүү ушул айдын башында президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин күчөгөн. Анда азыркы президент Ашраф Гани жеңүүчү деп табылган. Бирок анын башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулла добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла 10-мартта жарыша өз-өзүнчө инаугурация өткөрүп, ар кимиси өзүн президент деп жарыялаган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG