Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 02:35

Путин «Чоң жыйырма» саммитинде санкциялардан баш тартууну сунуш кылды


Путин видеоконференция учурунда

Бейшемби күнү видеоконференция форматында өткөн «Чоң жыйырма» саммитинде Орусиянын президенти Владимир Путин дары-дармектерди, азык-түлүктөрдү, жабдууларды жана технологияларды жеткириш үчүн эл аралык санкциялардан баш тартууну сунуш кылды.

«Чынында биз өтө зарыл товарларга жана аларды сатып алуудагы финансылык транзакцияларга карата киргизилген чектөөлөргө тилектештик мораторийин киргизишибиз керек», - деди Путин.

Орусияда 2014-жылдан бери контрсанкциялар күчүндө. Аларга ылайык, Крымдын аннексиясына жана Донбасстагы куралдуу жаңжалга байланыштуу Москвага каршы санкция киргизген өлкөлөрдөн азык-түлүк сатып алууга тыюу салынган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин менен Франциянын президенти Эммануэл Макрондун ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө санкциялар жөнүндө сөз болгон жок.

Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия пандемияны пайдаланып, Евробиримдик өлкөлөрүн санкцияларды жеңилдетүүгө же толугу менен жоюуга көндүрүшү мүмкүн деген кооптонуусун билдирген.

«Видеосаммиттин» жыйынтыгы менен «Чоң жыйырманын» курамындагы өлкөлөрдүн жалпы билдирүүсү кабыл алынды. Анда G20 мамлекеттери пандемиядан улам жаралган каатчылык менен күрөшүүгө беш триллион доллар бөлүүгө даяр экендиги жазылган. Мындан тышкары өлкөлөр коронавирус инфекциясына каршы вакцина издөө боюнча кызматташууга убадалашты.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө 532 миңге жакын адам коронавирус жугузуп алса, каза болгондордун саны 24 миңден ашты.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG