Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

ИИМ: Коменданттык саат учурунда 241 адам кармалды


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

27-мартка караган түнү Кыргызстандын коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган аймактарында коменданттык саат эрежелерин бузган 241 адам милиция бөлүмүнө жеткирилип, 12 машине токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкекте 146, Ошто 22, Жалал-Абадда 24, Сузакта 29, Кара-Сууда 20 адам кармалды. Ноокат району боюнча кармалгандар болгон жок.

Бишкекте милицияга баш ийбеген бир учур катталды. Мас абалындагы жаштар машине менен күч кызматкерлеринен качууга аракет кылганын, аларды токтотуш үчүн асманга ок атылганын шаардын комендатурасы билдирди.

ИИМдин маалыматына караганда, «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзам боюнча коменданттык сааттын талаптарын бузган адамды милиция же аскердик кайгуул бул мөөнөт аяктаганча кармап турат, ал эми жанында документи жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармалат.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. (RK)

XS
SM
MD
LG