Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

ЖКнын бөлүм башчысы мас абалында милиционерге кол көтөрдү


Иш үстүндөгү милиция кызматкери.
Иш үстүндөгү милиция кызматкери.

Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Эрнест Молдошев мас абалында Патрулдук милициянын кызматкерине кол көтөрдү.

Бул тууралуу «Азаттыкка» милициядагы ишенимдүү булактар кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя 25-мартка караган түнү болгон. «Toyota Land Cruiser» үлгүсүндөгү автоунанын айдоочусу милиция кызматкерлеринин буйругуна баш ийбей, из жашырууга аракет кылган.

Автоунаа токтотулганда анын айдоочусу Жогорку Кеңештин кызматкери Эрнест Молдошев экендиги жана ал мас абалында болгону такталган. Маалыматка караганда мас айдоочу мыйзам талабына баш ийбей, милиция кызматкерине кол көтөргөн. Натыйжада милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, 26-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.

Милициядан алынган бул маалыматка кармалган айдоочу да, тарапкерлери да, ал иштеген Жогорку Кеңеш да комментарий бере элек.

Эрнест Молдошев - Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы башчысы Замир Молдошевдин уулу. Замир Молдошев президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп 2012-жылы соттолгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG