Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Айрым соттордун иши убактылуу токтотулду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирустан улам өзгөчө абал киргизилген айрым аймактарда соттордун иши убактылуу токтоду. Бул тууралуу 27-мартта Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин төрагасы Гүлбара Калиева видео байланыш аркылуу кеңешме өткөрүп, ушундай чечим кабыл алынганы айтылды.

Ош, Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын, Чүй облустук жана Чүй район аралык сотунун иши бир жумага токтотулду. Бирок судьялар менен аппарат кызматкерлери кезектешүү менен иш жүргүзө берет.

27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдар 58ге жетти. 25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. (RK)

​
XS
SM
MD
LG