Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Түркия: Бишкекке берилген ооруканада жасалма дем алдыруучу 22 аппарат бар


Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуу.
Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуу.

Бишкекте Түркия куруп берген ооруканада 21 реанимациялык орун, жасалма дем алдыруучу 22 атайын аппарат бар. Бул тууралуу 27-мартта Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Элчилик билдиргендей, мындан тышкары эки операция залы, бейтап жатып дарыланчу 51 орун бар.

Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилгенин элчилик 25-мартта билдирген.

Мындай чечим COVID-19 оорусуна каршы күрөшүү максатында кабыл алынганы айтылган.

Алты кабат жаңы ооруканада заманбап реанимация жабдуулары, тийиштүү техника бар. Анын баары атайын медициналык программа менен башкарылат. Бирок Кыргызстанда мындай программаны билген адистер жок болгондуктан түрк тарап оорукананы башкарууну алгачкы жылдары өзү колго алууну көздөп келген.

Дүйнөдө коронавирус күчөп турган чакта кыргыз-түрк ооруканасын тез арада ачуу зарылчылыгы парламентте жана социалдык түйүндөрдө айтылып жаткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG