Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

COVID-19: Кыргызстан Казакстандан маалымат сурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, Кыргызстандан барган казакстандыктардан коронавирус аныкталганы жана башка жагдайлар боюнча маалымат берүүнү сурады. Муну министрлик Кыргызстандын аймагында алар менен байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктоо максаты менен байланыштырды.

Буга чейин Казакстандын бир катар маалымат каражаттары Кыргызстанга каттаган 24, 29, 46 жаштагы үч жаранда COVID-19 вирусу аныкталганын Жамбыл облустук бийликтин өкүлү Берик Жаркымбаевге шилтеме берип жазган.

27-мартка карата Кыргызстанда COVID -19 инфекциясы жуккан 58 киши катталды. Алардын ичинен: Бишкекте - 4, Жалал-Абад облусунда - 27, Ош облусунда - 26, Баткен облусунда - 1 киши катталган.

«Жалпысынан Чүй облусунда жана Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал туруктуу» деп айтылат Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

XS
SM
MD
LG