Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Комендант: 28-мартта түнү 157 тартип бузган жаран кармалды


28-мартка караган түнү коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган Бишкек шаарында коменданттык сааттын эрежелерин бузган 157 адам кармалды.

Алардын ичинен 23ү аял, 134 эркек, анын ичинде беш чет элдик жаран жана үч өспүрүм бар. Тартип бузгандар тиешелүү айыппул төлөп бошотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымдады.

Бишкекке жалпы жонунан 120 пост коюлган. Анын ичинен 79у санитардык-карантиндик, ал эми 41 пост шаарды курчап турат.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. (TSh)

XS
SM
MD
LG