Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июнь, 2020 жума, Бишкек убактысы 08:59

COVID-19: Кыргызстанда атайын эсепке 50 миллион сомдой чогулду


Кыргызстанда коронавируска каршы атайын эсепке түшкөн акчанын жалпы суммасы 27-мартка карата 49 млн. 520 миң 447 сомду түздү. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Эсеп илдетке каршы күрөш иштерин жүргүзүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөрдү жана кайтарымсыз каражаттарды кабыл алуу үчүн ачылган.

Кыргызстанда 27-мартка карата COVID-19 вирусу жуккан 58 адам аныкталды. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG