Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

АКШ президенти экономиканы колдогон мыйзамга кол койду


Ак үйдө президент Дональд Трамп журналисттерге сүйлөп жатат, 17-март, 2020-жыл.
Ак үйдө президент Дональд Трамп журналисттерге сүйлөп жатат, 17-март, 2020-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясына байланышкан кризистен улам улуттук экономиканы коргоо максатында бир катар чараларды көрүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

Мунун алдында Конргесстин Өкүлдөр палатасы 2.2 триллион доллар бөлүүнү жактырган.

Мыйзам үч апта ичинде бардык америкалык салык төлөөчүлөргө түз төлөмдөрдү жасоого жол берет. 55 миллиард доллар кризистен жабыр тарткан компанияларды колдоого бөлүнөт. 290 миллиард доллар америкалык үй-бүлөлөргө бир жолку жөлөк пул катары берилет. Төрт кишиден турган үй-бүлөгө 3000 долларга чейин жетет.

Ошондой эле чакан бизнеске да 350 миллиард доллар насыя түрүндө берилет. 100 миллиард долларды АКШнын саламаттык сактоо системасы жана медициналык мекемелери алмакчы.

Бейшембиде АКШ дүйнөдө коронавирус катталган өлкөлөрдүн сап башына чыкты. Ишембинин таңындагы маалыматка ылайык, АКШда бул илдет 104 миңден ашуун кишиде табылды.

XS
SM
MD
LG