Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Штаб: Жалал-Абаддын тургуну коронавирустан каза болгон жок  


Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов онлайн маалымат жыйында Жалал-Абадда каза болгон жаран жөнүндө маалымат берди.

“Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 82 жаштагы тургуну COVID-19дан каза болгон жок. Анын анализдери терс жыйынтык көрсөттү. Өлүмгө буга чейинки өнөкөт ооруларынын өтүшүп кеткени себеп болгон”, - деди Мамбетов.

Анын айтымында, бейтап 17-мартта чет өлкөдөн келип, анда клиникалык белгилери болгондуктан стационардык дарыланууга жаткырылган.

Кыргызстанда 28-мартта саат 14:00гө карата коронавирус жуккан жаңы учур катталган жок. Буга чейин Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккан 58 адам аныкталган. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда. Алардын экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы өтө оор эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG