Нарын шаарында "Лемонти" деген каймана ат менен таанымал кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 28-март күнү Алмаз Сулайманов Нарын шаарынын борборунда саат 13:15 чамасында өлтүрүлгөн. Учурда шектүү кармалып, камакка алынды.
Кaktus.media басылмасы милициядагы булактарына таянып, “Лемонтини” 2000-жылдары өлтүрүлгөн Имаш аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнүн жакыны өлтүргөнүн жазды. Шектүү сөөктү машинеге салып милицияга өзү келген. Басылманын маалыматында, ал маркумду бычак менен моюнга сайган.
Сулайманов 2013-жылы да Казакстандын Алматы облусунан кармалып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Ал бир нече кылмыштарга шек саналып соттолгон. Кийин жатак абакка которулганы кабарланган. (TSh)