Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Кордойдогу улут аралык жаңжалга байланыштуу 25 киши камалды


Кордойдун Сортөбе айылында өрттөнгөн үй. 8-февраль, 2020-жыл.
Кордойдун Сортөбе айылында өрттөнгөн үй. 8-февраль, 2020-жыл.

27-мартта Казакстандын Башкы прокуратурасы Жамбыл облусунун Кордой районунда февраль айынын башында болгон улут аралык кагылышка байланыштуу 25 киши камалганын билдирди.

Башкы прокурордун орун басары Ерлик Кенебаев камалгандар «массалык башаламандыкка активдүү катышканын», алардын арасында «казактар, дунгандар, кыргыздар», ошондой эле «мурда соттолгондор» да болгонун айтты.

Кененбаев билдиргендей, аларды кармоо операциясы Алматы, Чымкент жана Жамбыл облустарында жүргүзүлгөн.

Кенебаев билдирген расмий версияга караганда, Кордой районунун Сортөбө айылындагы жаңжал «турмуш-тиричиликке байланыштуу» чыккан. Анда жолдо эки чыр чыгып, анын биринде улгайган киши жабыркаган. Экинчи чырда бир жаран полицияга баш бербей каршылык көрсөткөн.

Кенебаевдин айтканына караганда, бул эки чырды видеого тартып алышып, Интернетке таратып жиберишкен. Алар болсо «негативдүү комментарийлерди пайда кылган». Кырдаалдан «криминалдык элементтер да пайдаланып», Интернет булактарында «социалдык ажырымды пропагандалашкан». Айрым жарандар «жалган маалыматка ишенип, топтошо башташкан». Кенебаев «коңшу айылдардын, башка облус, шааралардын тургундары» топтолгонун кошумчалады.

Мунун баары 8-февралда Масанчи, Булан-Батыр жана Ауакатты айылдарында «массалык башаламандыкка» жеткирип, 11 кишинин өлүмү менен коштолгон. Баш прокурордун орун басары айткандай, башаламандыкта «күч колдонуу, талап-тоноо, өрттөө жана мүлктү бүлүндүрүү» орун алган.

Расмий маалыматка караганда, жалпысынан 192 киши, анын ичинде 19 полиция кызматкери жабыр тарткан. 168 үй-жай жана 122 автоунаа өрттөнгөн.

Казакстанда улут аралык өңүттөгү кагылышуулар (жергиликтүү тажиктер, чечендер, түрктөр менен) буга чейин да болгон. Казак бийлиги адатта андай учурларды турмуш-тиричиликтин айынан чыккан уруш-талаш катары сыпаттайт жана улут аралык деп мүнөздөбөйт.

XS
SM
MD
LG