Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

COVID-19: Кыргызстанда коронавируска 11 миң тест жүргүзүлдү


Кыргызстанда 28-марттагы маалыматка ылайык, коронавирусту аныктоо үчүн 11 миң 134 тест жүргүзүлгөн. Анын ичинен буга чейин айтылган 58 кишиден COVID-19 аныкталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

“Обсервацияда 4 миң 886 киши бар. Күндөн-күнгө алардын саны кыскарып жатат. Ал эми үй карантинде 3 миң 338 киши отурат. Жалпы 8 миң 224 киши дарыгерлердин өзгөчө көзөмөлүндө”, - деди Мамбетов.

Кыргызстанда 28-мартта саат 14:00гө карата коронавирус жуккан жаңы учур катталган жок. Буга чейин Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккан 58 адам аныкталган. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда. Экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы өтө оор эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG