Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кримтөбөл Алмаз Сулаймановдун өлүмүнүн чоо-жайы жөнүндө маалымат таратты.
Милициянын кабарлашынча, 28-март күнү саат 12:50 чамасында Нарын шаарында "Тойота-Пассо" автоунаасы менен "Лексус 570" үлгүсүндөгү машине жол кырсыгына кабылган. Эки айдоочу уруша кетип, бири экинчисин бычак менен сайып алган.
“Нарын шаарынын 1995-жылы туулган тургуну “киши өлтүрүп алдым окшойт, мына алып келдим” деп Нарын облустук ички иштер башкармалыгын имаратына келген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, - деп билдирди Нарын милициясы.
Бирок, Кaktus.media басылмасы милициядагы булактарына таянып, “Лемонтиге” 2000-жылдары өлтүрүлгөн Имаш аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнүн жакыны өч алуу үчүн кол салганын жазды. Шектүү сөөктү милицияга өзү алып келген. Басылманын маалыматында, ал маркумду бычак менен моюнга сайган.
Сулайманов 2013-жылы да Казакстандын Алматы облусунан кармалып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Ал бир нече кылмыштарга шек саналып соттолгон. Кийин жатак абакка которулганы кабарланган. (TSh)