Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Кытайдан келген жардам Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлоруна тапшырылды


28-мартта Саламаттык сактоо министрлиги Кытай мамлекетинен келген гуманитардык жардамды Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлерине тапшырды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Анын ичинде респиратордук беткаптар (1600 даана), бир жолку беткаптар (45 миң даана) жана коргоочу костюмдар (700 даана) бар.

Калган каражаттар жакынкы убакытта республиканын саламаттык сактоо уюмдарына жана санитардык-карантиндик постторго таратылат. 25-мартта Кытай 10 миң респиратордук беткап, 100 миң бир жолу колдонулуучу беткап жана 1 миң жеке коргоо каражаттарын берген.

Кыргыз өкмөтү Кытай мамлекетине COVID -19 коронавирусуна каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн жана оор учурда берген гуманитардык жардамына ыраазычылык билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG