Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:56

Сузакта өзгөчө абалга карата атайын рейд жүрдү


Сузак районунда өткөн рейд. 28-март 2020-жыл.
Сузак районунда өткөн рейд. 28-март 2020-жыл.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатуранын чечими менен 28-мартта Сузак районунун аймагында атайын рейд өткөрүлдү. Аталган аймактагы коменданттын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, рейддин жүрүшүндө коомдук жайларда себепсиз жүргөн жана машинелерин эркин айдап, каалагандай жерге токтоткон 60тан ашык адам кармалган. Ошондой эле жол эрежесин бузган, документи жок машине айдаган 33 айдоочу аныкталып, аларга айып салынды.

Милиция, жергиликтүү бийлик жана ыктыярчылар менен биргеликте уюштурулган рейдде эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,үн күчөткүчтөрдүн жардамы менен маалыматтар берилди.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. (RsK)

XS
SM
MD
LG