Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Кыргызстанда коронавирус аныкталган үч киши реанимацияда, абалы оор


Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов онлайн брифингде билдирди. Анын айтымында, үч бейтаптын абалы оор деп бааланууда.

"29-мартка карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын ичинен үчөөнүн абалы оор, алар реанимацияда. Эки бейтап Өзгөн районунда, бир бейтап Сузак районунда", - деди Мамбетов.

Кыргызстанда 29-мартка карата коронавирусту жуктурган дагы 26 киши аныкталды. Бул адамдар обсервацияга алынды жана дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат. Алар менен байланышта болгондорду аныктоо иштери жүрүп жатат. Ошентип республикада коронавирусту жуктургандардын саны 84 кишиге жетти.

Учурда республика боюнча обсервацияда жаткан адамдардын саны – 4886 киши. Үй карантининде жаткан адамдардын саны – 3338 киши. (TSh)

XS
SM
MD
LG