Өлүмдөрдүн үчтөн бир бөлүгү Европага туура келет. Италияда жана Испанияда 29-мартта 800дөн ашык адам вирус козгогон оорудан көз жумду.
Дүйнө жүзүндө COVID-19га 665 миңден ашуун киши кабылды.
Ал эми илдетке чалдыкканардын саны жагынан АКШ алдыда. 29-марттагы маалыматтарга караганда, өлкөдө 124 миңден көп киши вирусту жугузуп алган. Нью-Йорк штатында көрсөткүчтөр абдан жогору болуп жатканына карабай, президент Дональд Трамп Ак Үйдүн корнавируска каршы штабынын сунушутарына таянып, карантин киргизүүгө каршы экенин билдирди. 27-мартта Трамп пандемиянын айынан кыйын абалга туш болгон экономикага жардам берүү үчүн 2 триллион доллар бөлүү тууралуу мыйзамга кол койгон.
Ал арада вирус алгач пайда болгон Кытайдын Ухань шаары эки айлык изоляциядан кийин ачылып, кадыресе турмушка кайтууда.