Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Кыргызстан «Центеррадан» 2.2 млн. доллар дивиденд алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Centerra Gold» ишканасы акционерлерине 11.75 миллион Канада долларын ($8.2 млн. АКШ доллары) дивиденд катары төлөп берээрин жарыялады. Компаниянын 26% акциясына ээлик кылган кыргыз өкмөтү 2.2 млн. АКШ доллар дивиденд алышы керек. Бул тууралуу маалымат «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын сайтында жазылды.

«Centerra Gold» COVID-19 илдетинин бизнеске тийгизген таасирине көз салып турарын билдирди.

2019-жылы 30-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold» компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушуп, «Кыргызалтын» ишканасына дивиденддерди милдеттүү түрдө төлөө маселесин дагы бир жолу көтөргөн.

Кумтөр кенин иштеткен «Centerra Gold» компаниясынын акционери болгон Кыргызстан түшкөн пайдадан үч жылга жакын убакыттан бери дивиденд ала албай келген. Канадалык компания кен боюнча жаңы келишим күчүнө кирбей жатканын жүйө келтирип, ал каражатты төлөөнү токтоткон болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG