Кытай коронавируска каршы күрөшкө жардам берүү үчүн Пакистанга дарыгерлерди жана беткап, тест жасачу жабдыктарды, коргоочу костюмдарды жөнөттү.
Исламабад аэропортуна конгон учакты Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши тосуп алды. Тышкы мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин Бээжин өпкөнүн дем алуусуна жардам берчү вентиляторлорду салган жана COVID-19га кабылган бейтаптар үчүн оорукана курууга жардам берип келатат.
Кытай дарыгерлери эки жума бою пакистандык кесиптештерине жардам беришет.
28-мартта өлкөдө вируска чалдыккан 1 420 киши катталганы, ал козгогон оорудан 12 киши көз жумганы кабарланган. Пакистан бийлиги вирусту жуктургандардын көбү кошуна Ирандан кайтып келген жергиликтүү жашоочулар экенин билдирүүдө.
Бээжин - Исламабаддын стратегиялык өнөктөшү жана ири экономикалык инвестор.