Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Москвалыктардын үйлөрдөн чыгышы чектелди


Москва. 27-март, 2020-жыл.
Москва. 27-март, 2020-жыл.

Москвада мэр Сергей Собяниндин көрсөтмөсү менен өзгөчө чаралар кирип жатат. Орус баш калаасынын бардык тургундары тез медициналык же башка чукул жардам керек болсо, жумушка, жакын жердеги азык-түлүк дүкөнүнө же дарыканага барыш үчүн гана үйлөрүнөн чыга алышат. Андан тышкары ит же башка үй жандыктарын сыртка чыгарууга уруксат берилет. Мэрдин расмий сайтында жакын арада атайын уруксат кагазы менен чыгууга болору айтылат. Жаңы эреженин аткарылышы көзөмөлдөнүп турмакчы. Шаар башчысы жакынкы күндөрдө мындан да катаал чаралар көрүлөрүн эскертти. Жумуш орундарынан айрылган адамдарга колдоо чаралары иштелип чыкмакчы.

Орусияда жекшембиде коронавирусту жугузуп алгандардын саны бир жарым миңден ашты. Бир миңден көбү Москвага туура келет.

Буга чейин баш калаада соода борборлору, ресторандар 28-марттан тартып кеминде бир жумага жабылган.

XS
SM
MD
LG