29-мартта Москванын «Шереметьево» аэропортунан «Аэрофлот» компаниясынын чартердик каттамы менен 402 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабы маалымдады.
Айрым маалыматтарга ылайык, Москвадан учуп келгендердин арасында башка үчүнчү өлкөлөрдөн келгендер да бар. «Мигранттарды колдоо» борборунун жетекчиси Тимур Саралаев транзит аркылуу 47 адам учуп келгенин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги өткөн аптада «Шереметьеводо» 40ка жакын кыргызстандык жалпы зонада, 14 жаран транзиттик зонада турганын, Новосибирск шаарынын аэропортунда 200дөй адам рейс күтүп жатканын маалымдаган. Мекеме билдиргендей, 17-24-мартта Орусиянын ар кайсы шаарларынан Кыргызстанга 5117 жүргүнчү жөнөтүлгөн.
Ал эми «Азаттыктын» кабарчылары менен байланышкан кыргызстандык жарандар «Шереметьево» аэропортунда 200-300гө жакын кыргыз жараны бар экенин билдиришкен. (ZKo)