Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

ЭВФ: дүйнөлүк экономика рецессияга кирди


Кристалина Георгиева.
Кристалина Георгиева.

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башчысы Кристалина Георгиева коронавирус пандемиясынан улам дүйнөлүк экономика солгундай баштаганын (рецессия) билдирди. Ал эл аралык коомчулукту тышкы карызы көп өлкөлөргө көңүл бурууга чакырды.

Георгиева журналисттер үчүн өткөрүлгөн видеобрифинг учурунда каатчылыктан чыгыш үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кеминде 2,5 триллион доллар керек экенин белгиледи. Ал видео конференциянын алдында 24 өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен сүйлөшкөн.

«Ушул тапта биз 2009-жылдагыдай же андан да жаман рецессияга кирдик. Дүйнөлүк экономиканын күтүүсүздөн токтоп калышынын узакка созулган таасири банкроттук жана жумуштан бошотуу толкуну менен коштолот. Бул биздин коомдун жашоосун талкалайт», – деп билдирди ал.

Георгиева өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн кыйын күндөр али алдыда экенин эскертти. Анын айтымында, бул өлкөлөр пандемиянын кесепетинин оордугун али сезе элек, бирок капиталдын агылып кетишинен жана чийки мунайдын арзандашынан улам азыртадан эле жабыр тартышууда.

ЭВФтин башчысы чукул түрдө каржылай колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган өлкөлөр өтө көп болуп жатканын кошумчалады. Ушул тапта 81 өлкө – калкынын кирешеси төмөн 50 жана кирешеси орто 31 өлкө жардам сурап кайрылган. Алардын арасында Кыргызстан да бар. Фонд эң биринчи болуп кайрылган Бишкектин өтүнүчүн канааттандырып, 120 миллион доллар бөлгөн.

XS
SM
MD
LG