Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:51

Тажик баш калаасында коомдук транспорт дезинфекцияланат


Дүйшөмбү шаары. 26-март, 2020-жыл.
Дүйшөмбү шаары. 26-март, 2020-жыл.

Тажик бийлиги коронавирустун алдын алуу чараларынын алкагында коомдук транспорт жана эл көп жүргөн жерлер дезинфекцияланарын кабарлады.

Дүйшөмбү шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө 360 автобус, 105 троллейбус жана 300дөн ашуун кичи автобус иштеп жатат. Аткаминерлер дезинфекциялоочу каражаттар жетиштүү экенин билдиришүүдө.

Коомдук транспорт күн сайын эки маал – эртең менен жана кечинде хлорлонот.

Ал арада вирустун алдын алуу үчүн бала бакчаларда, мектептерде жана башка айрым мекеме-ишканаларда дезинфекция иштери жүргүзүлдү. Эми ооруканалар, көзөмөл-өткөрмө бекеттери, аэропорттор да хлор менен тазаланат.

Тажикстанда коронавирус илдети каттала элек.

Расмий Дүйшөмбү коронавирустун алдын алуу боюнча программа иштеп чыкканын билдирип, эл аралык каржы уюмдарына жардам сурап кайрылган. Расмий маалыматтар боюнча 1-февралдан 27-мартка чейин чет өлкөлөрдөн Тажикстанга келген 6000дей киши карантинге алынган.

XS
SM
MD
LG