Чүй облусунда коронавирус аныкталган эки адам - Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын тургундары. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады. Маалыматка ылайык, оору аныкталган ата-бала 12-мартта Дубайдан учуп келген. Алар үй карантинге алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон.
28-мартта текшерүү учурунда бул адамдар жаңы коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Учурда алар ооруканага жаткырылып, үй-бүлө мүчөлөрү жана айылда байланышта болгондор карантинге алынды.
30-мартка карата Кыргызстанда 84 адам СOVID-19 вирусун жугузуп алганы аныкталды. Алардын ичинен үч адам оор абалда реанимацияда жатат.
Өлкөдө коронавирусту жайылтпоо максатында Бишкек баш болгон үч шаарда жана төрт райондо өзгөчө абал режими киргизилген. (BkA)