Кыргызстанда доллардын расмий курсу 28-мартка карата 80 сом 20 тыйынды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында кабарланды. Ал эми бир евро 88 сом 30 тыйынды түзүүдө.
26-мартта доллардын сомго карата расмий курсу 79 сом 74 тыйын, ал эми евронуку 86 сом 37 тыйын болчу.
Учурда коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар долларды 81 сомдон сатууда.
Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар акыркы бир айда кымбаттады. Алгач 10-мартта үч сомго кымбаттаса, 20-мартта 85 сомго жеткен.
Мындай көрүнүштү Улуттук банк дүйнөдө жана өнөктөш мамлекеттерде каржы рыногунда болуп жаткан олку-солкулукка байланыштырган.
Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан жети жолу 160 миллион 600 миң долларга интервенция жасады. (BkA)