Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Өзбекстанда коронавирус 145 адамга жукту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Ага ылайык, өпкөнү сезгенткен вирустан 28-мартта ажал тапкан адамдын жакын тууганынан да бул илдет аныкталды. Жалпысынан Өзбекстанда оорудан эки адам көз жумду.

Ушул тушта коронавирус жуккан үч адамдын абал оор, экөөнүкү салыштырмалуу оор. Жекшембиде Саламаттык сактоо министрлиги жети бейтап айыкканын, бирок алар дагы бир канча убакыт ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун маалымдаган.

Өзбекстандагы Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча атайын республикалык комиссиянын чечими менен 30-марттан тартып 20-апрелге чейин бардык аэропорттор өз ишин токтотту. Ошондой эле бул убакыт аралыгында жеке транспортту колдонууга да тыюу салынды жана көчөлөрдө атайын белги чапталган гана машинелердин жүрүшүнө уруксат берилди.

XS
SM
MD
LG