Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Интернеттеги сөзү үчүн кармалган Даниел Ажиев эки айга камалды


Даниел Ажиев.
Даниел Ажиев.

Интернетте айткан сөздөрү үчүн кармалган Даниел Ажиев 26-майга чейин камакка алынды. Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим чыгарды. Маалыматка ылайык, Ажиев Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча шектүү катары Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.

Даниел Ажиев «Инстаграмдагы» баракчасында видео жарыялап, колунда жокторго жардам көрсөтүп жатканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөн.

Даниел Ажиев мындан тышкары бир нече видеону социалдык тармактарга жайылткан. Анда ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековдун ысымын бир нече жолу атап, ага нааразылыгын билдирген. Анын жол кырсыгына катышканын эске салган.

Даниел Ажиев камакка алынган соң анын апасы президентке кайрылып, уулун камактан бошотууну суранган. (BkA)

XS
SM
MD
LG