Түндүк Корея көп жолу ракета учурууга ылайыкташкан «эң чоң» курулмасын ийгиликтүү сынаганын жарыялады. Мындай маалыматты Түндүк Кореянын Борбордук жаңылыктар агенттиги (KCNA) дүйшөмбү күнү өз сайтына жайгаштырды.
Коңшулаш Түштүк Кореянын армиясы билдиргендей, сыноо жекшемби күнү Түндүк Кореянын чыгышындагы Вонсан шаарындагы комплексте өткөрүлгөн. Анын алкагында курулмадан кыска аралыктагы эки баллистикалык ракета учурулган. Алар баш-аягы 410 чакырымдай учуп барып деңизге түшкөн. Рекеталар 50 чакырым бийиктикке көтөрүлгөн.
Расмий Сеул Пхеньяндын дүйнө коронавирус пандемиясы менен күрөшүп жаткан шартта аскердик техникасын сынап жатканын айыптады.
Түндүк Корея сыноолорунун көбүн жазында өткөрөт. Пхеньян март айында эле бир нече ракетасын сынаганга үлгүрдү. Расмий маалымат боюнча Түндүк Кореяда коронавирус каттала элек. Бирок адистер Ким Чен Ындын өкмөтүнүн мындай маалыматына ишеним артпай турушат.