Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Кыргызстанда коронавирус дагы 10 адамдан табылды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузуп алган дагы 10 адам аныкталды. Бул тууралуу 30-мартта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында кабарлады.

Анын айтымында, вирус жаңы аныкталган 10 адамдын баары Жалал-Абад облусунун тургундары.

Ошентип, өлкө аймагында коронавирусту жугузгандардын жалпы саны 94 адам болду.

Алардын ичинен 49 адам Жалал-Абад облусунда, 31и Ош облусунда, эки адам Ош шаарында, бири Баткен облусунда, Чүй облусунда эки, Бишкек шаарында сегиз жана Нарын облусунда бир адам катталды.

Кубатбек Боронов өлкө жарандарын карантиндин шарттарын сактап, ооруну жайылтпоого салым кошууга чакырды.

«Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда жарандар ээн-эркин көчөгө чыгып жатышат. Бул инфекциянын жайылышынын бирден-бир көйгөйү болуп жатат. Ошондуктан бардык чектөөлөр аткарылышы керек», - деп билдирди Боронов.

Буга байланыштуу Бишкектин комендатурасы жарандарга уруксат берүү жаатында ишти ыраатка салуу зарыл экени айтылды.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдө коронавирустан айыккан адамдар бар экенин айткан. Бирок алар канча адам экени жана качан ооруканадан чыгары расмий түрдө айтыла элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG