Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Кабул «Талибандын» сүйлөшүү боюнча шарт койгонун сындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооган өкмөтү бийликтин сүйлөшүү тобуна байланыштуу «Талибан» куралдуу кыймылынын соңку билдирүүсүнө жооп кайтарды. Жекшембиде президент Ашраф Ганинин башкы кеңешчиси Вахид Омар журналисттерге «талибдер көптөн бери башталбай жаткан сүйлөшүүнү дагы созуу максатында кандайдыр бир шылтоо издебеши керек» деп айтты. Ал «бул топто тиешелүү тараптардын баары камтылбай калды» деген дооматты четке какты.

«Талибан» 28-мартта өкмөттүк делегациянын курамын сынга алган жана аны менен кездешүүдөн баш тарткан. Андан эки күн мурда ооган өкмөтү дээрлик 19 жылдан бери уланып келаткан жарандык согушту токтотуу максатында талибдер менен сүйлөшүүгө бара турган 21 кишинин аты-жөнүн жарыялаган. Делегациянын жетекчиси болуп Улуттук коопсуздук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Мохаммад Масум Станекзай дайындалган жана топко бир катар саясатчылар, мурдагы аткаминерлер менен жарандык коомдун өкүлдөрү кирген. Делегациянын беш мүчөсү аялдар экени белгилүү болгон.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад ооган лидерлерин «бардык тараптарды камтыгын сүйлөшүү тобун түзө алганы» үчүн кубаттаган.

Ашраф Ганинин башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулла бул делегациянын курамы боюнча азырынча үн ката элек.

Оогандардын алгачкы өз ара ички диалогу 10-мартта өтмөк. Бирок ал президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу президент Ашраф Гани менен аткаруу бийлигинин мурдагы жетекчиси Абдулла Абдулланын саясий тирешинен улам үзгүлтүккө учураган.

Өткөн айдын соңунда АКШ менен «Талибан» тынчтык келишимине кол коюшкан. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы бир миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак. Кабул менен «Талибан» туткун алмашуу маселесинде да орток пикир таба элек.

XS
SM
MD
LG