Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Кыргызстанда коронавирусту аныктоочу кээ бир каражаттар жетишпей жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус илдетин аныкташ үчүн айрым каражаттар жетишсиз болуп жатат. Бул тууралуу 30-мартта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ошого карабастан, анын айтымында, башка мамлекеттерден сатып алып, маселени чечүү аракети жүрүп жатат.

«Анализдин жыйынтыгын чыгарууда кээ бир жетишпегендиктер болуп жатат. ПЦР анализин чыгара турган реагенттердин жетишсиздиги - бир эле Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө ошондой маселе бар», - деди ал.

Өлкөдө лабораториялык изилдөөлөрдү вирустук тогуз лаборатория жүргүзүп жатат.

30-мартта Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузуп алган дагы 10 адам аныкталды. Ошентип, өлкө аймагында коронавирусту жугузгандардын жалпы саны 94 адам болду. (RK)

XS
SM
MD
LG