Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Нарындагы кримтөбөлдү өлтүрүүгө шектүү эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алмаз Сулаймановду өлтүрүү үчүн шек саналган Талгат Шамиев 28-майга чейин камакка алынды. Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим кабыл алганын кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагына камакта болмокчу.

Нарын шаарында «Лемонти» деген каймана ат менен таанымал кримтөбөл Алмаз Сулайманов 28-мартта өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү катары 25 жаштагы адам кармалганы кабарланган.

Милиция кылмыш эки адамдын ортосунда жол кырсыгына байланыштуу пикир келишпестиктен чыкканын кабарлаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG