Венгриянын парламенти өзгөчө абал режиминде премьер-министр Виктор Орбандын ыйгарым укуктарын кеңейткени жатат. Эгер тиешелүү мыйзам долбоору 30-мартта колдоо тапса, коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал белгисиз мөөнөткө созулат. Ашкере оңчул саясатчы катары таанымал Виктор Орбан өлкөнү парламенттин макулдугу жок эле чукул декреттер менен башкарууга мүмкүнчүлүк алат.
Европарламент жана Адам укуктары боюнча Хелсинки комитети сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар бул мыйзам долбоорун сында алышууда. Алар долбоордо Венгрияда өзгөчө абал качан аяктай тургандыгы жазылышы керек экенин, антпесе өкмөт чексиз бийликке ээ болоорун эскертишти.
Венгр парламентинде Орбандын «Фидес» партиясы көпчүлүктү түзөт. 56 жаштагы Виктор Орбан 2010-жылдан бери бери Венгрияда соттордун жана маалымат каражаттардын эркиндигин чектеп, бийликти бир колго топтогону үчүн Евробиримдикте катуу сынга алынып келет.