Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

Аба ырайы: 31-мартта айрым райондордо кар жаайт


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борбору шашылыш билдирүү таратып, 1-2-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертти.

31-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23,

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 18...23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15,

Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 10...15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -4...+1 градус болот.

Бишкек шаарында 31-мартта жаан-чачын жаабайт. Абанын табы борбордо түнкүсүн 3…5°, күндүз 21…23° градусту түзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG