Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Ош шаарында элдик штаб түзүлдү


Карантиндеги Ош шаары. 25-март, 2020-жыл.
Карантиндеги Ош шаары. 25-март, 2020-жыл.

Ошто жарандык активисттер тарабынан элдик штаб түзүлүп, иштей баштады. Анын негизги максаты - өкмөткө коронавирустун алдын алуу иштеринде жана бүгүнкү кырдаалдан улам жардамга муктаж шаар тургундарына көмөк көрсөтүү.

Штаб түзүү боюнча демилге көтөргөндөрдүн бири Улан Канат уулу «Азаттыкка» берген интервьюсунда буга кырдаалды жөнгө салууга жардам бергиси келгендердин башын бириктирип, бирдиктүү иш алып баруу максаты себеп болгонун айтты.

«Штабдын негизги максаты - элден топтолгон жардамды координациялоо. Жардам берип жаткан уюмдар бири-бирибиз менен байланышып, маалымат алмашып туралы деп жатабыз. Бири-бирибиздин ишти кайталап калбашыбыз үчүн топтолгон жардамды, каражатты муктаж болгондорго тегиз жеткириш үчүн бөлүштүрөбүз», - деди Канат уулу.

Бүгүнкү күндө жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын банктык эсеп ачылганы турат. Элдик штабдын маалыматында шаарда 100дөн ашуун жардамга муктаж үй-бүлөлөр бар. Буга чейин айрым ишкерлер жана ыктыярчылар шаарда акысыз беткап таратып, дарыгерлер менен милиция кызматкерлерин ысык тамак-аш менен камсыз кылып келишкен. (DU)

XS
SM
MD
LG