Коронавирусту жайылтпоо максатында 30-марттан тартып Талас облусунун аймагына кирип-чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб билдирди. Облус жетекчилигинин маалыматы боюнча, Талас районунун Талды-Булак айылына орнотулган бекеттен жол тосулду. Аймакка сырттан облустун өз тургундары атайын текшерүүдөн соң гана киргизилет.
Бирок бул чектөө Таласка азык-түлүк, гуманитардык жардам алып келе жаткандарга тиешеси болбойт. Учурда аталган облустун аймагында коронавирус жуккан адамдар аныктала элек. (BkA)