Украинада Жогорку Рада 30-мартта кезексиз жыйынга чогулуп, экинчи аракеттен гана жаңы финансы жана саламаттык сактоо министрлерин шайлады. Ага ылайык, буга чейинки финансы министринин орун басары Сергей Марченко финансы министри болуп дайындалды. Саламаттык сактоо министринин кызматына Одесса облусунун мурдагы губернатору Масим Степанов келди.
Мунун алдында премьер-министр Денис Шмыгаль парламентке финансы министри Игорь Уманский менен саламаттык сактоо министри Илья Емецти иштен алууну сунуш кылган. Шмыгаль башында турган өкмөттүн түзүлгөнүнө, анын ичинде аталган эки министрдин иштеп жатканына бир ай да боло элек болчу. Өкмөт башчы өзүнүн бул чечими тууралуу түшүндүрмө берген эмес.
Парламент министрлерди кызматтан алуу маселесин карап жатканда «Эл кызматчысы» фракциясынын депутаты Давид Арахамия 64 жаштагы кардиохирург Емец коронавирус күчөп жаткан шартта күнү-түнү иштегенге даяр эмес экенин айткан. Ошондой эле финансы министри Игорь Уманскийдин саясаты өкмөттүкүнө төп келбейт деген сын-доомат айтыла баштаган.