Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Өкмөт: Күнү-түнү коменданттык саат жарыялоо жөнүндө маселе көтөрүлгөн жок


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Кыргызстанда күнү-түнү коменданттык саат жарыялоо жөнүндө маселе көтөрүлгөн жок. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме билдиргендей, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 30-мартта журналисттердин суроосуна жооп берип жатып өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн белгилеген жана эл өзүнүн, жакындарынын ден соолугу үчүн күндүз негиздүү себеп болбосо көчөгө чыгуусун болушунча чектеши керек экенин айткан.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Бороновдун күнү-түнү коменданттык саат тууралуу суроого жообунан үзүндү кесилип алынып, туура эмес чечмеленип жатканын кошумчалады.

Бул суроо 30-марттагы онлайн басма сөз жыйынында берилген. Ошол эле күнү социалдык түйүндөрдө жана месенжерлерде «өкмөт күнү-түнү коменданттык саат режимин киргизгени жатат, буга байланыштуу тез арада азык-түлүк сатып алыш керек» деген маалымат тарай баштаган.

Бишкекте жөө кайгуулдардын 410 каттамы иштелип чыкканы айтылды.

18-30-мартта Кыргызстанда коронавирус 94 адамга жукканы аныкталды, алардын үчөө айыгып чыкты.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды. (RK)

XS
SM
MD
LG