Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:57

«Кудайберген» базарында айыл чарба техникасын саткандарга уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте карантинге байланыштуу жабылган «Кудайберген» базарында айыл чарба техникасын саткан күркөлөрдүн ишин улантууга уруксат берилди. Бул тууралуу 30-мартта «Азаттыктын» быйылкы жазгы талаа иштеринин жүрүшү тууралуу суроосуна жооп берип жатып биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди:

«Жазгы айдоо иштеринин башталышын эске алып, кыйынчылык жаратпаш үчүн биз базардын жетекчилиги менен айыл чарба техникасын саткан контейнерлердин иштеши тууралуу сүйлөштүк. 1941-1945-жылдары согуш болгон учурда да талаа жумуштары токтогон эмес. Бул келечекте биздин азык-түлүк коопсуздугубузга таасир эте турган маселе. Ошондуктан буга өзгөчө көңүл буруу менен талкуулап жатабыз. Жазгы талаа жумуштарына эч кандай кедерги болбой, өз убагында жүргүзүлүшү зарыл».

Ошону менен бирге Боронов ирригация иштери, каналдарды тазалоо боюнча да тийиштүү мекемелерге талаптар коюлуп жатканын кошумчалады.

18-30-мартта Кыргызстанда коронавирус 94 адамга жукканы аныкталды, алардын үчөө айыгып чыкты.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды. (RK)

XS
SM
MD
LG