Бишкекте 31-мартка караган түнү коменданттык саат эрежесин бузган 137 киши кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Кармалгандардын 18и аял, 116сы эркек, анын ичинде үч өспүрүм бар.
Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.
Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. Кармалгандар түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн киийн эртең менен коё берилет. (RK)