Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Азык-түлүк коопсуздугу жана муктаждарды колдоо боюнча план кабыл алынды


Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев базарда эл менен сүйлөшүүдө.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев базарда эл менен сүйлөшүүдө.

Өкмөт калкты социалдык жактан колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын бекитти.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, коронавирус инфекциясына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин азайтуу боюнча планга ылайык төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

- ири өндүрүүчүлөргө, азык-түлүк ташуучуларга, ири соода түйүндөрүнүн кожоюндарына социалдык маанидеги айыл чарба өндүрүмүн жана азык-түлүктүн жетиштүү запасын, алардын сатылышын жана туруктуу наркын камсыз кылууну сунуш кылуу;

- мамлекеттик резервге күнүмдүк керектелүүчү азыктардын топтомун жыйноо;

- социалдык маанидеги товарлардын, дары-дармектердин, медициналык каражаттардын импорту үзгүлтүксүз өтүшү үчүн транзиттик жүк ташуу боюнча «жашыл коридорду» камсыз кылуу механизмин ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен уюштуруу жана макулдашуу;

- азык-түлүк түрүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү жардам берүү.

18-30-мартта Кыргызстанда коронавирус 94 адамга жукканы аныкталды, алардын үчөө айыгып чыкты.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды. (RK)

XS
SM
MD
LG