Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Усенованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, 16-марттан бери облуста беш өспүрүм өз жанын кыйды.
«Бул балдар 11 жаштан 14 жашка чейинки куракта болчу, - деди ал. - Алар үй-бүлөлүк ар кандай пикир келишпестиктен улам жанын кыюуга барган экен. Бул өтө жүрөктү оорута турган окуялар Балыкчы шаарында, Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда катталды. Азыр балдарга өзгөчө көңүл буруш керек. Анткени алар карантиндин айынан 24 саат бою ата-энесинин кароосунда болуп жатат. Ата-энелерди ачууланбай, балдарды катуу урушпай, сабырдуу болууга чакырам. Биз мончоктой балдарыбыздан ажырадык, өтө кейиштүү».
Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген. Ысык-Көл облусу өзгөчө абал киргизилген аймактардын катарына кошулбайт.
Республикалык штабдын 29-марттагы маалыматы боюнча өлкө боюнча коронавирус жуккандардын саны 94 кишиге жетти. (KS)