Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

31-март: Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 13 учур катталды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

31-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 13 жаран катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, илдет жаңыдан жуккандардын бирөө - Бишкек шаарында, үчөө - Нарын, экөө - Ысык-Көл, бирөө - Чүй, бешөө - Ош, бирөө - Жалал-Абад облустарында катталды.

Ошону менен бул илдетке чалдыккан кыргызстандыктардын саны 31-мартка карата 107ге жетти: Жалал-Абад облусунда - 51, Ош облусунда - 28, Чүй облусунда - 4, Баткен облусунда - 1, Ош шаарында - 9, Бишкек шаарында - 8, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда 2 киши.

Коронавируска байланыштуу 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. 18-марттан баштап Кыргыз өкмөтү өлкө боюнча жалпы өзгөчө кырдаал киргизген.

Түнкүсүн көчөгө адам да, автоунаа да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Үч кишиден ашык топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG