Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

СOVID-19 жуккан кыргызстандыктардын үчөө оор абалда реанимацияда


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 31-мартта саат 12:00дөгү маалымат боюнча жаңы коронавирус жуккан бейтаптардын үчөө реанимацияда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди:

"Реанимациядагы үчөөнүн бирөөнө жасалма дем алдыруу аппараты коюлду, анын абалы өтө оор. Ал Ош облустук ооруканасында. Калган экөөнүн абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат. Алар Ноокат ооруканасында".

Буга чейин Кыргызстанда коронавирус жуккандардын ичинен жандандыруу бөлүмүнө түшкөн алты бейтаптын бешөө жалпы палатага которулганы, алтоонун бирине да жасалма дем алдыруу аппараты коюлбаганы айтылган.

31-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 13 учур катталды.

Ошону менен COVID-19 вирусуна чалдыккан кыргызстандыктардын саны 107ге жетти, алардын үчөө айыгып чыкты.

Катталгандардын ичинен Жалал-Абад облусунда - 51, Ош облусунда - 28, Чүй облусунда - 4, Баткен облусунда - 1, Ош шаарында - 9, Бишкек шаарында - 8, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда 2 киши бар.

Коронавируска байланыштуу 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. (RK)

XS
SM
MD
LG