Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

УКМК «Фейсбуктагы» «Аруузат Токо» аттуу колдонуучуну кармады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык тармактардын колдонуучусу аймак аралык араздашууну козуткан билдирүү жазган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган жаран «Фейсбукта» «Аруузат Токо» деген колдонуучунун ысымы менен катталганын моюнуна алып, жазган билдирүүсүнөн улам кечирим сураган.

Атайын кызмат кармалган жаран Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча шектелип жатканын кошумчалады. Учурда анын Интернетте жазгандары боюнча атайын экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен «Фейсбук» колдонуучусунун аракетине укуктук баа берилет. (BkA)

XS
SM
MD
LG